УКМК: "Өзүн президенттик аппараттын жетекчилеринин биримин деп телефон чалуу аркылуу бийлик өкүлүн коркуткан жаран кармалды"

Өзүн президенттик аппарат жетекчилеринин биримин деп тааныштырып, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн телефон чалуу аркылуу коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 16-апрелде кармалган.

"Кармалган адам 34 жаштагы Э.Д. аттуу жаран болгон. Ал 12-апрель күнү Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын директоруна телефон чалып, коркуткан. Анда Э.Д. бийлик өкүлүнүн атын жамынып, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун каражаттарын ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишинин фигуранты болгон башкармалыктын мурдагы директорунун орун басарын кайрадан өз ордуна алып келүүнү талап кылган", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Учурда УКМК бийлик өкүлдөрүнүн атынан ушундай шектүү телефондук чалуулардан жарандарды сак жана этият болууга, мындай учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aitowa11
2018-04-17 17:58:10
Э.Д. С.Ж.К.М деп жүрөктү кыспай толук аты жөнүн чыгаргыла болбосо жазбай эле койгулада
-1
Jigit.1982
2018-04-17 18:16:55
aitowa11,Атын жазбаганынын себеби, кылмышты жапканга шарт тузот. Ошондуктан аты жонун Эч айтпайт кылмышкерлердин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан