2013-2014-жылкы кышкы даярдык боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин "тарифтик бааны кымбаттатабыз" деген сунушун өкмөт жактырган жок. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги 1-июлдун аягына чейин көмүр ташуу боюнча Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Маалым болгондой, Каржы министрлиги "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна бюджеттен үстөксүз насыя катары 250 миллион сом бөлүп бермекчи.