"Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Падыша-Ата айылында бүгүн, 18-апрелде кадимки кыштын көрүнүшү", - деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабарга" жөнөткөн. Билдирүүгө ылайык, аталган аймакка кар 18-апрелге караган түнү жааган.
"Кечээ жамгыр жаап жаткан. Эртең менен сыртка чыксак эле айлана аппак болуп калыптыр. Бактар гүлдөп, алды мөмө байлап калган эле. Дыйкандардын арасында талаа жумуштарын баштап, көчөттөрүн отургузуп алгандар аз эмес. Баарын үшүк алып кетеби деп санаа тартып жатабыз", - деген окурман WhatsApp аркылуу жөнөткөн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.