Депутат Улан Чолпонбаев Ысык-Көл облусунун бир катар балдар үйлөрүнүн абалы менен таанышты

ЖКнын депутаты Улан Чолпонбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы “Мээрим булагы”, Каракол шаарындагы “Каракол”, “Ирада”, Ак-Суу районундагы “Ак-Суу” балдар үйлөрүндө болуп, алардын абалы менен таанышып кайтты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди. Эл өкүлү балдар үчүн Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосуна эс алуу уюштуруп, спорттук оюндарды да өткөрдү. Андан сырткары депутат өзү туулуп-өскөн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылына өз каражатына балдар аянтчасын куруп, анын ачылуу аземине катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан