Орусияда Кыргыз жаранын "Домодедово" аэропортуна бараткан жолдо бычактап кетишкен. Бул тууралуу маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.
Окурмандын айтымында, ага мындай билдирүү Москвада иштеген мигранттардын WhatsApp'тагы тобунан келген.
"Ал билдирүүдө бычакталды делген жигиттин сүрөттөрү да бар экен. Анда: "Аэропорттон келе жатсак полиция токтотуп, жигитти бычактап кетишиптир деди. Ал унаасында бычакталган. Полиция телефон менен жакындарына кабар берүү үчүн байланышайын деп андагы жазууларга түшүнбөй жатканын айтты. Телефонунда "аке", "эже" деп сакталган номерлерге байланышсак, эч ким жооп берген жок. Анын жансыз денесин өлүкканага алып кетишти", - деп жазылат келген катта.
Бирок WhatsApp аркылуу тараган бул окуя качан болгонун эч ким билбей жатканын кошумчалады окурман.
SUPER.KG порталы бул боюнча Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине байланышканда, мындай кабар элчиликке да келгенин билдиришти.
"Азыр тарап жаткан бул маалымат боюнча тактоо иштери жүрүп жатат", - дешти элчиликтен.