Учурда интернетти колдонбогон, социалдык тармактардан жеке баракча ачып, дос күтпөгөн жаштарды кезиктирүү кыйынга турганы талашсыз. Социалдык түйүндөрдүн активдүү колдонуучуларынын сап башында чыгармачыл инсандар, шоу-бизнестин атактуулары турат. Бирок аларга катталган колдонуучулар жалаң гана жакшы каалоо-тилектерин арнабастан, ар түрдүү сын-пикирлерин, терс ойлорун, ал гана эмес каралоо иретиндеги билдирүүлөрдү калтырганга үлгүрүшөт. Аларды хейтер ("hate" - жек көрүү. Эч кимди жактырбаган, ар дайым бирөөгө болгон жек көрүүсүн билдирип турган адамдарга карата айтылат) деп аташат.
Жакында эле америкалык ырчы Рианна Калифорнияда өткөн "Coachella" фестивалында түшкөн сүрөттөрүн жеке баракчасына жүктөгөн. Көп өтпөй эле анын кийген кийимине карата ар түрдүү сын-пикирлер айтылып, колдонуучулардын талкуусуна кабылды.
Ал жүктөгөн сүрөттүн алдына "Мен тамашалоо максатында ушундай образды тандаган деп ойлоптурмун", "Картошка салган капты кийип алгандай го...", "Ушундай ысыкта өтүк кийип келгени кызык, буту ысыган жок болду бекен?", "Өтүгү өзүнөн чоң го" деген сыяктуу бир катар билдирүүлөр жазылганы менен, ырчы көңүл бурбастан аларга карата эч кандай жооп калтырган жок.
Мындай көрүнүштөр Кыргыздын атактууларында да байма-бай кездешет. Андыктан социалдык тармактарда эң көп сынга кабылган белгилүүлөргө кайрылып, өздөрүнө карата айтылган сын-пикирлерди кандай кабыл ала турганына кызыгып көрдүк.
Айпери Кубик кызы: "Кийген кийимимден, жазган билдирүүлөрүмө чейин асылгандар бар"
"Мага катталгандардын арасында кийген кийимимден, жазган билдирүүлөрүмө чейин асылгандар бар. Кээ бири эптеп эле бир минус таап, жамандай калууну көздөсө, айрымдары себеби жок эле сөгө беришет. Анчалык маанайлары бузулуп, нерв коротуп баракчама катталып алып эмне кылышат, түшүнбөйм. Адамдын деңгээли кандай болсо, ой-жүгүртүүсү да ошондой. Андыктан майдаланып, ар бир негативдүү билдирүүгө жооп жазбайм. Качан гана кандайдыр бир суроо же талкуу жаралып жатса, чоң билдирүү менен жооп берүүгө аракет кылам".
Курал Чокоев: "Хейтерлерди адам катары санабайм"
"Менин баракчама катталгандардын арасында хейтерлер чынында көп. Мен аларды адам катары санабайм жана алардын деңгээлине түшүп, теңелгим келбейт. Мурда өтө чектен ашып кеткен колдонуучуларга жооп жазып койчумун, азыр көңүл бурбай калдым. Алардын арасында келбетиме, жүрүм-турумума чейин асылгандар бар. Менин оюмча, алардын колунан телефондон тамга тергенден башка эч нерсе келбейт".
Асема Токтобекова: "Жеке жашоомо, чыгармачылыгыма карата көп сындар айтылат"
"Мага колдонуучулардын сын-пикирлерин окуган жагат. Себеби сын адамды өстүрөт. Бирок кээ бир учурда жөн гана уят сөздөрдү жазгандар болот, аларды дароо эле кара тизмеге киргизип коём. Көбүнчө жеке жашоомо кийлигишип же болбосо "ырдаба, киного тартылба, сенин убагың бүттү" деген сыяктуу билдирүүлөрдү жазгандар болот. Аларга көңүл бурбайм. "Душманды алыстан издебе" дегендей, алар жаныңда эле жүргөн адамдар болушу мүмкүн. Бирок менин чыгармачылыгым бүтпөй эле, тескерисинче, эми башталып жатат".
Дайыр Исмадияров: "Мени көптөр мактанчаак дешет"
"Терс сын-пикир жазган колдонуучуларга карата эч кандай деле чара колдонбойм. Болгону чектен ашып кеткендерди кара тизмеге киргизип коём. Алардын арасында башка аккаунт ачып алып, кара тизмеден чыгарууну өтүнгөндөрү да болот. Бирок колдонуучуну кара тизмеге бир киргизгенден кийин кайра чыгарбайм. Хейтерлердин көбү "көп мактанасың, мактанчааксың" деген сыяктуу билдирүүлөрдү калтырышат. Мен болгону күнүмдүк жашоомдогу жаңылыктарды социалдык тармак аркылуу күйөрмандарыма кабарлап тургум келет. Менимче, бул мактанууга жатпайт".
Назира Бердигулова: "Акчаңды чачпай, ата-энеңе жардам бербейсиңби деп акыл үйрөткөндөр болгон"
"Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн адамдарды көп эле кезиктирдим. Алардын арасында мени тааныгандар да, тааныбай туруп мен тууралуу терс пикирлерин айткандар да бар. Аларга теңелбейм, эң жаманы мендей болсун, мен кылганды, мен көргөндү көрсүн дейм. Өзүм кайрымдуулук иштери менен көп алектенгендиктен, "акчаңды ушинтип чачканча, ата-энеңе, жакындарыңа жардам бербейсиңби" деп акыл үйрөткөндөр болгон. Менимче, алар менин үй-бүлөм тууралуу билбесе керек. Кудайга шүгүр, ата-энем да, бир туугандарым да жетиштүү жашоодо жашашат. Менин жардамыма муктаж эмес, тескерисинче, мага жардам берип турушат".