Ирак өлкөсүнүн соту ИГИЛ уюмуна тиешеси бар деп Кыргыз жаранын өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Ирактын борбордук кылмыштык соту 7 чет элдик аялды ИГИЛ уюмунун мүчөсү катары соттогон. Алардын ичинен бири франциялык, экөө орусиялык жаран болсо, үчөө азербайжандык, бирөө Кыргыз жараны болгон. Франциянын жана Орусиянын жарандары өмүр бою эркинен ажыратылса, сот азербайжандык 3 аялды жана Кыргыз жаранын өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарган.