Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзгөчө кырдаалдар министрине кар жааган облустарга баруу тапшырмасын берди

Бүгүн, 19-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын жана Ысык-Көл облустарына кар жааганына байланыштуу жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Анда өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жергиликтүү калк менен бирге жабыр тарткандарга биринчи жардамды берип, келтирилген чыгымды тактоону тапшырды. Премьер-министрдин тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Дыйканбек Кенжебаев аталган облустардагы абал менен жеринен таанышуу үчүн жөнөп кетишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан