КҮНСЕРЕП: Бишкек ЖЭБиндеги чуу: 7-чиновник кармалды, күрөш 7-кабатка жетеби?

Бүгүн, 18-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент “Ош базарынан” жана Базар-Коргондун борбордук базарынан чыккан өрт боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Депутаттар өрт эмнеден келип чыкканын, жабыр тарткандарга кандай жардам болорун, базардын өрт коопсуздугу кандай абалда экенин, күнөөлүүлөр качан, кантип жазаланарын сурашты. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун билдиришинче, "Ош базары" атайын өрттөлгөн" деген жоромол негизги версия болууда. Мэриянын, Экотехинспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү "териштирүү бүтсүн" деп көп суроолорго жооп айтышкан жок.

Экспертизалардын жыйынтыгы жок эле белгилүү болуп турган нерсе "Ош базары" өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербейт. 13-апрель күнү өрт чыкканда базарга жакын жердеги 4 гидранттын (өрт өчүрүү үчүн шаардын суу түтүктөрүнөн суу сордуруп алуу үчүн орнотулган жабдык) бири да иштебей, өрт өчүрүүчүлөр сууну сырттан ташышты. Экотехинспекциянын төрагасынын орун басары Болот Жусуев инспекция текшерген учурда 4 гидрант теӊ иштеп жаткан десе, ӨКМнын жетекчиси Кубатбек Боронов өрт учурунда 4 гидрант теӊ иштебей койгонун айтты. Мыйзамга ылайык, текшерүү бара турганын Экотехинспекция базардын администрациясына 10 күн мурун эскертүүгө тийиш. Албетте, бул 10 күндүн ичинде жетекчилик мүчүлүштүктөрдү жоюуга үлгүрөт. Бул жагдайды инспекция өкүлдөрү моюнга алышып, мыйзамдан бул норманы өзгөртүү керек дешти. Кемчиликти жон териси менен тартып жаткан Экотехинспекция өзгөртүү сунуштап Жогорку Кеӊешке киргизиши керек эле.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы 8 миӊдей гидрант болсо, учурда анын 30 пайызы гана иштейт. "Ош базарындагы" өрт боюнча 13-апрелде өкмөттүк комиссия түзүлгөн, ишин аяктай элек. Депутаттар келтирилген зыянды өкмөт эмес, базардын ээлери төлөшү керектигин айтышты. "Базарды видеокамера менен жабдып, коопсуздукту күчөткөн эмес" дешти. Ал эми жалгыз адам түртүшүп араң баскан базардын катарларына өрт өчүрүүчү машина же анын түтүктөрү жетеби... Бул көптөн бери базар жетекчилиги тарабынан чечилбей келе жаткан маселе. Соода орундары жыш жайгашкан катарлардан өрт өчүрүүчүлөр үчүн жол ачып берүү базар ээлери үчүн өтө кымбат турган ырахат окшобойбу.

Ал эми Базар-Коргон базарындагы өрттөн 56 ишкер жабыркап, 32 миллион сомдой зыян тартканы айтылды.

Жабыркаган соодагерлер Ак Үйдүн алдына митингге чыгышып, соода орундарын калыбына келтирип, компенсация төлөп берүүнү жана банктан алган насыяларын төлөөдө жеӊилдик берилишин талап кылып жатышат.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов бүгүн парламентте “Ош базарын” шаар сыртына көчүрүү планы жөнүндө айтты. Мэр учурда өкмөттөн жер бөлүп берүүнү суранып жатканын, жер бөлүнүп калса аны Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбоорун бекитүүдө кошо камтып кетүү зарылдыгын, бирок базар жакынкы 4-5 жылда көчпөй турганын билдирди.

Учурда өрткө каршы күрөшүү иши 2 мамлекеттик органда. Мисалы, 2014-жылга чейин жаӊы курулуп жаткан имараттарда өрт коопсуздугун Экотехинспекция текшерип келсе, 2014-жылы Жогорку Кеӊеш "Өрт коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент" тууралуу жаӊы мыйзам кабыл алып, бул функция Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берилген. 2016-жылы бул функция кайрадан Экотехинспекцияга берилип, ӨКМда өрт өчүрүү милдети гана калган. Бүгүн ӨКМнын жетекчиси Кубатбек Боронов өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана өрт өчүрүү милдети бир органда болушу керектигин эскертти. 2017-жылы жайында Өзгөндүн борбордук базары өрттөнүп, иликтөө башталганы айтылган. Бишкектин "Ош базары" жыл башынан бери 3 жолу өрттөндү. Бул кырсыктар боюнча канча кызматкер иштен алынганын вице-премьер Санжар Муканбетов депутаттарга айтып бере албай койду. Себебин "териштирүүлөр бүтө элек" деп түшүндүрдү. Териштирүү ушундай ыргакта жүрсө, күнөөлүү табылгыча өрт дагы бир топ базарды жалмашы мүмкүн...

Өткөн аптада "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчылыгынан бошотулган Айбек Калиев коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалды. Ал Бишкек жылуулук электр борборун жаӊылоо чуусуна байланыштуу ачылган кылмыш иштеринин негизинде кармалганы айтылды.

Буга чейин Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча "шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин ачкан. Кечээ кечинде бул кылмыш ишинин чегинде Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров кармалган.

ЖЭБди 386 миллион долларга жаӊылоодо Кытайдан келген кредитти пайдалануу баш аламан жүргүзүлгөндүгү, жүз миллиондогон доллардын дайыны жок экени айтылганына карабай тийиштүү органдар “коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин ачпай келе жатышты. Мындай камырабастык жарандык активисттердин, интернет коомчулугунун да нааразычылыгын жаратты. 28-мартта парламент депутаты Курманкул Зулушев ЖЭБди жаңылоо окуясы боюнча коррупция беренеси менен кылмыш иши ачылып, аны президент Сооронбай Жээнбеков өзү көзөмөлгө алышы керек деп чыккан. Бүгүн УКМК Айбек Калиев жогорудагы иштерге байланыштуу коррупцияга шектелип кармалгандыгын жарыя кылды. ЖЭБ окуясы боюнча Калиевге чейин 6 чиновник кармалган.

Айбек Калиев көп жыл энергетика тармагында иштеп, 2010-2012-жылдары өкмөттүк аппаратта эксперт, 2012-жылы энергетика министринин орун басары, 2015-жылы экономика министринин орун басары, 2016-жылдан бери "Улуттук энергетикалык холдингдин" директору болуп иштеп келген. ЖЭБди 386 миллион долларга жаӊылоо долбооруна түз аралашкан чиновник. 2017-жылы 30-августта экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге жаӊыланган ЖЭБди салтанат менен ачкандардын бири.

Быйыл январда ЖЭБдеги авариядан кийин кызматтан кетүүгө арыз жазып, премьер Сапар Исаков кызматтан кетирбей алып калган. Исаков "Калиев күнү-түнү иштеп жатат, жоопкерчилиги териштирүүлөр бүткөндөн кийин каралат" деген. 1-февралда Калиевди Жогорку Кеӊеш сактап калды. Аны кызматтан кетирүү маселеси добушка коюлуп, 17 депутат макул болсо, 64 депутат каршы добуш беришкен. Кийин ЖЭБдин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди жаӊылоо долбоорунда кычкачтардын баасын 600 доллар, видеокамера 14 миӊ доллар деп бааларды эселеп кымбаттатып көрсөтүшкөнүн айтып чыкты. Ошондо Калиев "кычкач 600 доллар эмес, 600 долларга 1 чемодан жабдык сатып алынган, ал жабдыктардын арасында кычкач да болгон" деп элдин нааразычылыгын азайтууга аракет кылды. Нурлан Өмүркул уулу бул маалыматтарды төгүндөп, ал чемодандар кычкачтан өзүнчө эсептелип, 105 доллар деп баа көрсөтүлгөнүн айтып, Калиевдин калпын чыгарды. Өзү тикелей жетекчиси болгон энергетика тармагында, анын ичинде ЖЭБде Калиевдин эжелери, карындашы иштей турганы белгилүү болуп, муну ал жетектеген "Улуттук энергетикалык холдинг" тастыктаганга аргасыз болгон.

10-апрелде премьер-министр Айбек Калиев менен "Электр станцияларынын" жетекчиси Узак Кыдырбаевди кызматтан алган. ЖЭБди жаңылоодон чыккан түтүн ошентип энергетика тармагынын чоңдорун каптай баштады. Ал түтүн Ак Үйдү да каптайбы?..

200 миӊ доллар пара алып жатып кармалган Башкы прокуратуранын башкармалык башчысы Улан Чалбаевге инсульт деген диагноз коюлду. Чиновник учурда Бишкектин №1-ооруканасында дарыланууда. Буга чейин Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча УКМКда суракка алынгандан кийин мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев, ЖЭБ окуясы боюнча суракка чакырылгандан кийин "Улуттук энергетикалык холдингдин" ал кездеги башчысы Айбек Калиев "ооруп" калышкан. Жазадан убактылуу кача туруунун классикалык ыкмасы. Дарылануу бүткүчө жең ичинен сүйлөшүүлөр оң жагына чечилүүсү толук мүмкүн. Кыргызда мындай ыкма өтө көп колдонулгандыктан Улан Чалбаевдин инсульт алуусу канчалык чындык деп суроо салгандар көп болду.

2017-жылы президенттик шайлоонун алдында талапкер Сооронбай Жээнбеков 35 коррупционерди билерин, президент болуп шайлана турган болсо аларды четинен “кустурарын”, алар менен күрөшүүгө эрки жете турганын айткан. Тактыга отурганына 5 ай болду, эл Жээнбековдон ал 35 коррупционердин аты-жөнү качан аталарын, качан алар жазаланарын күтүп жатат. 8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында өлкө башчы мындан ары коррупцияга каршы күрөш катуу жүрөрүн айтып, Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, сот өӊдүү органдарга тапшырма берилген. 6-апрель күнү 7-Апрель окуясында каза болгондордун жакындары менен жолугушууда ажо жогорудагы сөзүн бекемдеп, "коррупция менен күрөштө дос-таанышка, туугандарга карабайм", - деп убада берди.

Ушундай талаптардан кийин Башкы прокуратуранын өкүлүнүн 500 миӊ доллар пара талап кылып, анын 200 миӊин алып жатканда кармалышы Жээнбековдун аракети, талабы, эскертүүлөрү, жалындуу сөздөрү прокуратурадагы чиновниктердин акыл-эсине жете электигин көрсөттү...

Тогуз-Тородогу жаӊжалдан кийин кармалган 15 адамдын 12си ушул жылдын 11-июнуна чейин камакта болот. Бул маалыматты ИИМ ырастады. Калган үчөөнү 17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен бошотту.

11-апрелде Тогуз-Тородо миңден ашуун адам митингге чыгып, аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушун токтотууну талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштардан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү 1 тургун жаракат алып ооруканага кайрылышкан. Жаӊжалдан кийин райондун акими иштен алынды. Окуя боюнча "бейбаштык" жана "мүлктү атайылап жок кылуу, зыянга учуратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, он беши Бишкекке алынып келип, камакка алынган эле. Тогуз-Торонун тургундары Бишкекке келип, камактагыларды бошотуу талабы менен Ак Үйдүн алдына митингге чыгышууда.

Жергиликтүү жашоочулар өкмөт убагында элдин талабын укпаганы үчүн кескин чарага барышканын айтышат. Кескин чара имаратты, унааларды өрттөө болду. Алар баш аламандык уюштургандар кармалбай, жөнөкөй жашоочулар кармалып, камакка алынды дешүүдө. Ал эми өкмөт комбинатты өрттөөгө баргандар мыйзам алдында жооп бериши керектигин эскертүүдө. Кечээ парламентте өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча отчёт каралып, депутаттар Сапар Исаковго Тогуз-Тородогу жаӊжалдын алдын албай, окуя болгондон кийин 15 адамды камап коюу өкмөткө аброй алып келбей турганын айтышты. Азырынча эки тарап теӊ өз чындыгында калууда. 2 айга камакта калган 12 адамды 2 жылдан 7 жылга чейин камалып кетүү тагдыры күтүүдө...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан