Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги аварияга байланыштуу "Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Айбек Калиевди кызматтан кетирүү сунушу каралды. Анда бир топ депутаттар түзүлгөн комиссиянын иликтөөлөрү чыкмайынча Калиевдин кызматын карабай турууну сунуш кылышты. Бакыт Төрөбаев кыштын күнүндө суукка тоңгон шаардыктар үчүн бир адам жоопкерчилик алышы керектигин айтты.
"1-апрелге чейин бул маселе актуалдуулугун жоготот. Канчалаган Бишкек шаарынын тургундары жабыр тартышты. Айбек Калиевге кайрылгым келет. "Менин күнөөм бар, кызматтан кетейин" деп арыз жаздың да өзүң. Кандай болсо да адам өзүнүн акыл-эси менен кеңешет. Ошонун негизинде арыз жазып, кандайдыр бир күнөөнү сездиң да. Ошондуктан арыз жазсаң Эмгек кодексинин негизинде Сапар Исаков кабыл алабы же жокпу, сен өзүң кете бер", - деди Төрөбаев.
"Чынын айтканда, мен "Улуттук энергетикалык холдингди" колдогом. Мен энергетиканы түшүнөм, талкаланып жатат. ЖЭБде дагы жакшы адистер иштеп калды. ГЭСтер бар, канча деген станциялар бар. Ушул системдерди ким карайт? Бүт жаңы кадрларды алып келдиңер. Системди түзүп берген эски кадрларды жок кылдыңар. Ошондуктан арыз жазганы туура чечим деп эсептейм. Добуш менен чечилет, бирок элдин жүзүн биз да карашыбыз керек. Бирөө күнөөлүү болуш керек да", - деди Төрөбаев.
Добуш берүү учурунда Калиевдин кызматтан кетишине 17 депутат "макул", 64 депутат "каршы" добуш берди.
Белгилей кетсек, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевди кызматтан кетирүү жагын депутат Мурадыл Мадеминов сунуштаган.
Кечээ парламент жыйынында премьер-министр Сапар Исаков "Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Айбек Калиев отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын айткан. "Мен Калиевдин арызын кабыл алган жокмун. Жактагым келбейт, бирок аракет кылып, күнү-түнү уктабай иштеп жатканын көрүп жатам. Анын күнөөсү бар. Бирок ачык айтайын, мага арызы менен келген", - деген өкмөт башчы.