Аксы районунда мал уурдап жүргөн Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары Өзбек республикасынын Наманган облусунун Янги-Курган районунун 31 жаштагы Н.А. аттуу тургуну кармалган.
"Аксы РИИБи райондо орун алган мал уурулуктардын алдын алуу максатында 11-апрель күнү түнкү күзөт уюштурган. Жыйынтыгында аталган күнү таңкы саат 04:00 чамасында Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын Атана участкасында Өзбек жараны жылкы жетелеп бара жаткан учурда колго түшкөн. Ал эми анын жанындагы кылмыштуу шериги 36 жаштагы И.И. Н.А. кармалган учурда качып, Өзбекстандын аймагына кирип кеткен. Бул окуя катталгандан кийин райондук милицияга жергиликтүү 5 жаран жылкылары байланып турган жеринен уурдалганын билдирип, арызданышкан. Алар бирин январь айында, калгандарын март, апрель айында өз үйлөрүнөн уурдатышкан. Ал эми кармалган жаран буга чейин 5 жолу уурулук жасап, натыйжада 6 баш жылкы, 1 баш уй уурдаганын моюнга алган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иштери козголду. Ал эми качып кеткен шектүүнүн шериги боюнча мамлекеттик кайтаруудагы чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, кылмыш жасап жүргөндүгү боюнча 346-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен да кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- деп билдирди басма сөз кызматынан.