Парламентте “Манас” аэропортундагы АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борбору боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңеште “Манас” эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргызстандын өкмөтү менен АКШнын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору жабык каралып, дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде жана Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде, ошондой эле парламенттик фракцияларда каралып, колдоо тапкан. Бул мыйзам долбооруна эртең, 20-июнда өтчү жыйында үч окууда добуш берилет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан