Чүйдө газ ташыган унаа алдыдагы эки унаадан ашып өтөм деп оодарылып кетти

Чүй облусунун Жайыл районуна жакын жерде күйүүчү май жана жүк ташыган унаалардан ашып өтөм деп газ ташыган унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 18-апрелде саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 121-чакырымында болгон. Анда газ ташыган унаа алдыдагы унаалардан ашуу максатында каршы тилкеге чыккан. Бирок ал оор жүк ташуучу унааны ашып баратып капталы менен урунган. Жыйынтыгында газ ташуучу унаанын цистернасы жолдун боюна оодарылып калган.

"Оодарылган цистернадан газ чыккан эмес. Бирок кулап калган цистернаны көтөрүүгө крандын күчү жетпейт, ошол себептен цистернанын ичиндеги жаратылыш газын башка унаага куюп алышты. Куюу учурунда өрт коопсуздугун сактоо максатында ӨКМнын Жайыл райондук өрткө каршы кызматы тартылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sonya302712
2018-04-18 23:43:25
Айланайын айдоочу акшындабай абайлачы!!!
+3
Mazi1280
2018-04-18 23:50:51
Дагы жакшы Кудайсактаптыр, ОРТ чыгып кетсе эмне болот эле, летчиктер
+2
aitowa11
2018-04-19 00:28:32
Шашып кайда барат элеңер эки метр жерге барасыңар. Акырын эле айдагыла
0
rysik79
2018-04-19 00:32:32
Ушул куйуучу май менен газ тарткандардын ыры бутподу.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан