Орусияда акчасы жоктугунан планшет уурдаган Кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Пенза шаарынын тургунуна каракчылык кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, шектүү катары кармалган Кыргыз жараны учурда СИЗОдо кармалууда.
"Милиция кызматкерлеринин маалыматында окуя саат 20:00дөр чамасында катталган. Анда шектүү жолдо турган аялдын планшеттик компьютерин жула качкан. Жакын жерде турган милиция бөлүмүнүн кызматкери ызы-чуунун изине түшүп, шектүүнү дароо колго түшүргөн. Ал 35 жаштагы Кыргыз жараны экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү жасаган кылмышын моюнуна алды", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми шектүүнүн айтымында, ал мындай кадамга акчанын жоктугунан барган. "Буга чейин Москвада иштеп жүргөм. Мекениме кайтуу алдында Пензага келип калдым. Бир нече саат жердештеримди издедим. Алар аркылуу жумуш таап, жол киреге акча табууну максат кылып жаткам. Бирок эч кимди тапкан жокмун. Жолдо планшеттик компьютери менен турган аялды көрүп, анысын уурдоону чечтим", - деп билдирген шектүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tolkun555
2018-04-19 09:07:28
Кудай ар бир адамга ыйман берсин.туура жолдо жашаганды насип кылсын.
0
tursunbaev78
2018-04-19 11:24:43
Акча жок болсо эле бирөөнүкүн уурдап же тартып алыш керекпи,шылтоо эмес бул,ошол иш менен башынан алектенип жүргөн,эми кеминде үч-төрт жыл отурасың
+2
Paol
2018-04-19 12:13:07
Акчасы жоктугунан деп тазза жазыпсынар го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан