Бишкекте 12 жаштагы баланы унаа сүзүп, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 18-апрелде саат 20:15тер чамасында Бишкек шаарынын Токтоналиев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 12 жаштагы өспүрүмдү Toyota Windom үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында жаракат алган өспүрүм ооруканага жеткирилген.
Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп, териштирип жатат.