Түркияда кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, президент Режеп Тайып Эрдоган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтөрүн жарыялап, добуш берүүнү 24-июнга белгилеген.
Эрдоган 18-апрелде шайлоону мөөнөтүнөн бир жыл мурда өткөрүү чечимин билдирип, Түркия тез арада президенттик башкарууга өтүшү зарылдыгын айткан. Өлкөдө президенттик жана парламенттик шайлоо 2019-жылдын ноябрында өтмөк. Эгер Түркия президенттик башкарууга толук өтсө, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кеңейет.
Түркияда 2017-жылы референдум өтүп, элдин көбү президенттик башкарууну колдоду деп табылган. Конституциялык өзгөртүүлөр шайлоодон кийин күчүнө кирет.