Нарын-Орук-Там унаа жолуна кар көчкү түштү

Нарын районуна караштуу Нарын-Орук-Там унаа жолунун 65-чакырымында (Ак-Кокту тилкеси) кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кар көчкүнүн көлөмү 3 миң метр кубга жеткен.

"17-апрель күнү саат 18:00дөр чамасында Нарын-Орук-Там унаа жолунун 65-чакырымында Ак-Кокту тилкеси аркылуу өткөн бөлүгүндө 3 миң метр куб көлөмүндөгү кар көчкү түшкөн. Аталган унаа жолду Нарын районунун акиминин 2017-жылдын 10-ноябрындагы №221-буйругунун негизинде унаа каттамы үчүн жабылган болчу. Учурда кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurgaz
2018-04-19 11:01:06
Супер инфо жогорку кенешти туз алып бергиле, Сапар кетти, жаны премер ким болот экен туз эфирден корсотсонор жакшы болмок. Саат 2де туз эфирди кутом.
0
Nestana95
2018-04-19 11:09:14
nurgaz,апеей Исаков иштен туштубу
0
nurgaz
2018-04-19 11:32:16
Nestana95, парламент кетирди, эми ким болот экен ошо кызыктуу болуп жатат.
0
Asem89
2018-04-19 16:38:28
Орук-Там??? Оорук-Там эмеспи? "Оорук" деген сөз бар да.
/"Аталган унаа жолду...... жабылган болчу"/.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан