"Өнүгүү-Прогресс" "Республика-Ата Журттун" коалицияга кошулуусу туура эмес" дейт

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушталды.

09:35. "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү сунуштады. "Баш мыйзамдын 85-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин регламентинин 131-беренесине ылайык, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин биринчи кылып киргизүүнү сунуштайм", - деди Турускулов.

09:40. Демилгени "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да кубаттады. "Тийиштүү колдор топтолгон, процедура сакталды. Ошону биринчи кылып карап, күн тартибине койсок. Бул мамлекет үчүн маанилүү маселе ошондуктан карасак", - деди Шыкмаматов.

09:45. Маселени карап чыгуу үчүн тийиштүү комитет 15 мүнөт убакыт сурап, танапис жарыяланды.

10:00. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун бир добуштан колдоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Айта кетсек, комитеттин отуруму жабык эшик артында өтүп, журналисттер киргизилген жок.

10:35. Танапис аяктап, жыйын уланды. Төрага Дастанбек Жумабеков кворум чогулганын айтты.

10:43. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө сунушту колдогонун жарыялады. Комитет төрагасы Канат Керезбеков: "Конституцияга жана Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык, парламент депутаттарынын үчтөн бири өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү демилгелөөгө укуктуу. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө комитеттин токтомун добушка коюуну сунуштайбыз", - деди Керезбеков.

10:46. Депутаттар Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү колдоду. 101 депутат буга "макул", 5 депутат "каршы" деп добуш берди. "Каршы" деп добуш бергендер КСДПдан Дастан Бекешев, Данияр Аттокуров, Мурадыл Мадеминов жана "Республика-Ата Журттан" Руслан Казакбаев менен Таабалды Тиллаев. Бирок добуш берүүдө Таабалды Тиллаев жаңылыш добуш берип алганын айтып, ал өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү колдой турганын билдирди.

10:47. Вице-спикер Мирлан Бакиров саат 14:00гө чейин танапис жарыялоону сунуштады.

10:49. Чечим эми президентке жиберилет. Конституцияга ылайык, президент өкмөттү отставкага кетирүүгө же Жогорку Кеӊештин чечимине каршы болууга укуктуу. Эгер Жогорку Кеӊеш экинчи жолу өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алса, анда өлкө жетекчиси өкмөттү кетирет.

13:33. Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирди. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү кызматтарын ээлеген адамдар жаңы өкмөттүн курамы түзүлмөйүнчө милдеттерин аткарып турушат. Жарлык кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.

14:00. Жогорку Кеңештин жыйыны танапистен кийин уланууда. Анда күн тартибине киргизилген маселелер каралып жатат. Алар: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору.

14:40. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев трибунага чыгып төмөнкүнү сүйлөдү. "Өкмөт жаңы келгенде "жаштар иштесин" деп колдоп бергенбиз. Бирок андай болгон жок, үмүттү актаган жок. КСДП, "Кыргызстан" фракциялары бир жума мурун өкмөттү колдогонсуңар, бүгүн колдогон жоксуңар, силер өкмөттү коргошуңар керек болчу", - деди Масалиев.

"Парламенттеги көпчүлүк коалициясына фракция кошулат деген сөз жок. Фракциялар коалицияга биригет деген бар. Кошула турган болбойт. Жогорку Кеңештеги коалицияны кайра түзүш керек", - деп кошумчалады Масалиев.

Айта кетсек, буга чейин КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясына "Республика-Ата Журт" кошулары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан