Таласта 19 жаштагы айдоочу жөө адамды сүзүп, ал каза болду

Талас шаарында 19 жаштагы айдоочу жөө аялды сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Талас облусундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-апрелден 18-апрелге караган түнү орун алган.

"19 жаштагы Т.Э. аттуу айдоочу Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан "Рустам" аялдамасынын жанында турган аялды унаасы менен сүзүп алган. Айдоочу "Тез жардам" кызматын чакырган, бирок аны күтпөй өзү кетип калган. Жабырлануучуну ооруканага анын жолдошу такси менен алып барган. Бирок айдоочу милицияга эртеси өз ыктыяры менен келген", - деп айтылат малыматта.

Ошондой эле аталган маалыматта каза болгон аялдын аты-жөнү аныктала электиги, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asdef
2018-04-19 12:28:46
Э тооба!Супер инфодон автокырсыктан адам олду дегенди окубай калган кун болобу озу
+2
Zainidin96
2018-04-19 12:44:45
Сабыр
+2
dosym
2018-04-19 12:49:30
Жолдошу алып барса кантип аты жөнү такталбайт?
+2
kalpak.kg92
2018-04-19 13:08:45
Жакшы кайтып келиптир тергоого..качып кетсе эмне кылмак погончон итерин биронун мойнуна илмек мажбурлап бир бечарага
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан