Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча оппозициялык фракциялардын сунушун колдоду. Учурда премьер-министрлик кызматка үч талапкердин аттары аталды. Бул тууралуу Кожобек Рыспаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“Азырынча премьер-министрдин кызматына КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун, президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаровдун келиши мүмкүн деген сөздөр бар. Алардын баары татыктуу, бирок мен Абылгазиевдин талапкерлигин колдомокмун”, - деди Рыспаев.