Токмок шаарында эркек кишини өлтүрүп көмүп коюшкан. Кылмышка шектелип 2 киши кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБине адамдын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. ШИИБдин ыкчам тобу чакырылган жерге барып, турак үйлөргө жакын жердеги талаадан жерге көмүлгөн адамдын денесин табышкан. Анда сабалган белгилер болгон.
Милиция маркумдун аты-жөнүн тактаганда ал жергиликтүү жашоочу, 33 жаштагы М.А. экени белгилүү болгон.
"Анын өлүмүнө ошол эле шаардын 17 жана 33 жаштагы 2 тургуну кармалды. Иликтөө иштери көрсөткөндөй, маркум жана шектүүлөр спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Бул убакта алардын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, ал мушташка жеткен. Мушташтан кийин бир нече убакыт өтүп, шектүүлөр ал адамдын өлүп калганын билишкен. Мындан соң кылмышын жашыруу максатында аны көмүп коюуну чечишкен", - деп жазылат маалыматта.
Анда кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгону, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланган.