Баткен облусунун тургундары өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып салганы үчүн митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда ЖКнын жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирди. Эл өкүлү Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын маалыматын угууну сунуштады. “500гө жакын митингчилер Баткен - Ош жолун тосуп алышыптыр. Алар бийликтин бул маселеге көңүл буруусун суранып жатышат. Биз тиешелүү иштерди жүргүзүүбүз керек”,- деди эл өкүлү. Депутаттын бул пикирин кесиптештери колдошту.