Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Булак–Башы айылынын жашоочулары тынымсыз светтин өчүшүнө нааразычылыгын билдиришүүдө. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтүү эл билдирди. "Журналисттер келип маалымдаганда гана электр жарыгы күйөт. Башка убактарда свет жок болот. Кышкысын дагы бул айылга бир күндө 1 саат гана свет берилет",- дешти жергиликтүү тургундар.