Бишкекте кичи автобустун айдоочусу жолдогу темир тосмону сүзүп алып, окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Азамат Маратов билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 20-апрелде саат 11:00дөр чамасында Горький көчөсүндө болгон.
"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, айдоочунун жүрөгү токтоп калган. Ошол себептен унаа жолдун четине чыгып кеткен. Айдоочу 1960-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталды. Ал буга чейин өзүнүн унаасы менен товар ташып иштеп келген. Учурда тактоо жана иликтөө иштери башталды", - дейт Маратов.
Ошондой эле маалыматта, кичи автобустун ичинде айдоочудан башка жүргүнчү болбогону кошумчаланат.