АКШнын Иллинойс штатында унаа токтотуучу жайда 3 жаштагы кыз апасын атып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, унаанын арткы орундуктарында отурган 3 жаштагы кыз унаанын ичинен таап алган тапанча менен алдыңкы орундукта отурган кош бойлуу апасын атып алган. Ок орундуктун жөлөнгүчүн тешип өтүп Шаник Томастын ийинине тийген.
"Мен денеси кан болгон кыздын унаадан түшүп жардам сурап жатканын көрдүм. Анын жанында 2 баласы бар болчу", - деп билдирген күбө Палома Прието.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Шаник Томас ооруканада, дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүүдө. Ал эми полиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын жана кыздын колундагы курал кимге тиешелүү экенин иликтешүүдө. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча үй-бүлөнүн атасы дүкөнгө соода кылганы кирип кеткен мезгилде, 3 жашар кызы анын тапанчасын унаанын ичинен таап алып апасын атып алган.