Ошто 5 килограммга жакын баңгизатын сактап жүргөн адам кармалды

Ошто өз үйүндө 4 килограмм 334 грамм баңгизатын катып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүнү кармаган учурда жанынан 7 граммдай баңгизаты табылган. Ал Ош облусунун Араван районунда колго түшкөн.

"Кармалган адам Кара-Суу районунун 42 жаштагы У.Ш. аттуу тургуну экени аныкталды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сот анын үйүн тинтүүгө алуу чечимин чыгарып, анын негизинде жалпы салмагы 4 килограмм 433 грамм күрөң түстөгү белгисиз зат табылган. Табылган зат полиэтилен баштыкка салынып, скотч менен оролгону аныкталган. Ал атайын экспертизадан өткөрүлүп, апийим наркотикалык заты экени аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nibiru.
2018-04-21 13:24:01
Ошончо колом менен колго тушуп,анан 246- статья менен иш козгошобу? Ал статья деген озу колдонгон олчомдо болсо гана колдонулат. Женил статья. Эртен оной эле чыгып кетет. Бул кылмыш 247-статьянын негизинде козголуш керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан