20-апрелде Сооронбай Жээнбеков Мухаммедкалый Абылгазиевди мурдагы кызматынан бошотуп, премьер-министрликке дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындан тышкары өлкө башчы жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн тийиштүү кызматтарга дайындоо боюнча жарлыктарга да кол койду.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн сунушталган курамын жана программасын караган. Жыйынга 115 депутат катталып, өкмөттүн курамы менен "Биримдик, ишеним, жаратмандык" деп аталган программасын бир добуштан колдогон.
Кечээ, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирген.