Бишкекте 25 жаштагы жаран кошунасынын өлүмүнө шектелип кармалды

Бишкек шаарында 25 жаштагы жаран кошунасынын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде милицияга эркек адам бычактан жаракат алып каза болду деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 27 жаштагы Т.Р. аттуу жаран денесине ар кандай жаракаттарды алганын көрүшкөн. Натыйжада Т.Р. окуя болгон жерде каза болгон. Мындан сырткары кандын изи бар бычак табылган.

Аталган факты менен Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

"Болжолдуу түрдө күбөлөрдүн айтымына караганда, Т.Р. 19-апрель күнү кечинде мас абалындагы К.Э. аттуу кошунасы менен көчөдө жолуккан. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, К.Э. бычак менен бир нече ирет маркумду сайып жиберген. Натыйжада ал ошол жерден каза болгон. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы К.Э. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан