Жогорку Кеңеште депутаттар Карганбек Самаков менен Каныбек Иманалиевдин демилгеси менен Чыңгыз Айтматов атындагы медалды белгилөө сунушталып жатат. Ал үчүн “КРнын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” мыйзамына тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүгө тийиш. Ошону менен бирге “Чыңгыз Айтматов атындагы медаль” тууралуу мыйзам долбоору да иштелип чыккан. Демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунда аталган мамлекеттик сыйлык менен сыйлоо жана тапшыруу жол-жоболору жана медалдын макамы аныкталган. Мыйзам долбоору бүгүн, 20-июнда биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.