ӨКМ: "Ала-Арча капчыгайында мөңгүдөн чет өлкөлүк альпинист кулап кетти"

Ала-Арча капчыгайынын Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнөн альпинист кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат 23:00 чамасында Н.М. аттуу адам Ала-Арча капчыгайынын Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнөн альпинист кулап түшкөнүн ӨКМга кабарлаган. Кулаган адам 32 жаштагы Ж.Б. аттуу Швейцариянын жараны экени белгилүү болду.

"Жабырлануучуну куткарууга тик учак жөнөтүү маселеси каралды. Күбөнүн билдиргенине караганда, кулаган адам Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнө жакын жайгашкан, мурдагы тоо-лыжа базасынын алачыгында турат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aitowa11
2018-04-21 12:30:14
Абдил сегизбаевдин ордуна Ким келиптир? Саясат болумунун комментарийи жабык экен кечиресиздер?
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-04-21 14:17:37
aitowa11,Абдил.Сегизбаевдин ордуна Идирисов.Кадыркулов дегени келиптир.Баары эле айта берет өлкөдөн чыгып кетпей саясатта калам дешип анан эле качан аларга кылмыш иши козголгондо гана качканга убакыт болбой калса кан басымы көтөрүлүп жүрөгү ооруп калып больницага жатышат. Убакыт болуп калса анда өлкөдөн чыгып кетишет! Биздин чоңдор баары эле өз бизнесин коргош үчүн чоң кызматта иштешишет да баары больнойлор же качкындар!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан