21-июнда Жалал-Абад шаарында кызматтык бош орундардын жарманкеси өткөрүлөт. Бул иш-чараны Жалал-Абад шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү 23-июнь - Мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата уюштурууда. Аталган бөлүмдүн башчысы Мамед Ырысбаев билдиргендей, бул жарманкеге бардык жумуш издегендер катыша алат. Иш чара Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, 6-а дарегинде өтмөкчү.