Бүгүн, 21-апрелде Москва шаарында жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жарандары ишембиликке чыгышты. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.
Анын айтымында, мекендештер шаардагы Манастын эстелиги орнотулган "Достук" сейил багына топтолуп, анын аймагын таштандылардан тазалашкан.
"Ишембиликке мирганттар, Кыргыз биримдиги уюмунун, элчиликтин өкүлдөрү жана элчи өзү да келип катышты. Биринчиден сейил бакты тазаласак, экинчиден мекендештер жолугуп, сүйлөшүп ынтымагыбызды бекемдедик. Чогулгандардын саны 300гө жакын болду", - деп жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.