Бишкекте 18 жаштагы 2 кыз опузалоо жолу менен башка кыздан 75 миң сом талап кылган деп шектелип кармалды

Бишкекте 18 жаштагы 2 кыз опузалоо жолу менен башка кыздан 75 миң сом талап кылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде милицияга борбор калаанын жашоочуусу андан опузалоо жолу менен 75 миң сом талап кылган адамдарга карата чара көрүү боюнча арызы менен кайрылган.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө, атайын боёк менен белгиленген 10 миң сом менен шектүү катары Ц.Е. жана Д.Э. аттуу эки кыз кармалган. Белгилүү болгондой кылмышка шектүү кыздар арыз ээсинин жеке маалыматтарына ээ болуп алып, аны интернетке жайылтам деп опузалоо жолу менен акча талап кылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча 170-берене (опузалоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
adanov
2018-04-21 14:41:17
Кармалган
0
Sizge.kat
2018-04-21 14:45:09
Тигиниси деле жон кыздардан эмес чыгаар
-2
aman0296
2018-04-21 15:01:01
2018-жылдын эн популярный жумуш болдуго
+5
Nursbaike
2018-04-21 15:27:24
Таптаныкай эле кыздар
-2
pero123
2018-04-21 17:38:48
18 жашыңда сизого түшүп!только ХХХХХХ экөөңөр тең!
0
Sarinakg
2018-04-21 17:40:03
Моода болдуго
0
Sarinakg
2018-04-21 17:40:15
моода болдуго
0
Djumahmatov
2018-04-21 17:49:06
Башы иштебегендер десе тим эле моода кылыштыго оной жана бат эле сизого отуруп калышаарын эске алышпайбы жайылтып ийген жерде дагы арыз жазып чумолоруну чыгарса болот
+3
Aidar151080
2018-04-21 20:30:55
Арам тамак аш болбойт.
Мээнетсиз табылган ырыскы, баары бир жукпайт.
0
Medina87
2018-04-21 21:13:44
Ц.Е.си да Д.Э.си да кореанкалар окшойт.
Деги Кыргызымдын кымыз жыттуу кыздарына ыйман-нысап берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан