Бишкекте ит адам тарабынан зордукталды деген факт экспертизада тастыкталган жок. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББинин кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, атайын алынган үлгүлөрдү экспертизадан өткөргөн.
"Иликтөө иштери жана кошумча экспертизанын жыйынтыгында, иттин зордукталганы тууралуу факт тастыкталбады", - деп айтышты басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 4-апрелде Бишкекте иттен адам тарабынан зордукталган белгилер табылганы маалымдалган. Кийин Бишкек ШИИББи иттин ким тарабынан зордукталышы 20 күндүн ичинде белгилүү болорун айткан.