17 жаштагы бала күч колдонуу менен Бишкектин жашоочусунун телефонун тартып алган деп шектелип кармалды

Бишкек шаарында 17 жаштагы бала күч колдонуу менен калаанын жашоочусунун телефонун тартып алган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургунунан арыз келип түшкөн. Анда 15-апрелде саат 17:40 чамасында үйүнүн жанынан белгисиз адам күч колдонуу менен Самсунг Галакси А-7 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганы жазылган. Муну менен ал 20 миң сомдук материалдык чыгымга учураган.

"Кылмышка шектүү катары Т.Т. аттуу адам кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 167-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголду. Анын ушундай эле 2 кылмышка тиешеси бар экени аныкталды. Дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин териштирүү үчүн ыкчам-тергөө иштери улантылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

ШИИББ аталган жарандан жабыр тарткандар болсо, Биринчи Май райондук ИИБине кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш үчүн телефондор: 0556 600 689: 0777 513 804: 0556 102 548.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
NURSAPAR
2018-04-22 14:32:03
20000 деп шоруң катты байкуш. Иш десе ишке аш десе ашка тойбогон маалың экен.
+5
MNK.88
2018-04-22 14:36:27
Суротун аты жонун толук чыгарса елдер танымак.
0
aidinaernur
2018-04-22 14:41:49
Менин баламдан да чалып алайын деп алып качып кетиптир. Уйдун жанынан.
Бетин корсотуп эле койсо болмок экен.
0
rysik79
2018-04-22 15:43:14
Тарбия, чойро, тушунуктун тайкылыгы, жин- шайтандын азгырыгы. Жаратуучум Аллахым Ыйман- ынсап берсин элибизге.
+1
stervella415
2018-04-23 13:46:36
Ушундайдардын бетин ачып эле чыгарсанар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан