"Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Райкомол айылында жер көчкү түшүү коркунучу бар жерди атып түшүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок иш аягына чыкпай калып, атканда түшпөй калган жер мурдагыдан да кооптуу болуп турат", - деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жазды.
Анын айтымында, райондогу Кечүү жана Райкомол айылдарында биригип 350дөн ашык түтүн жашайт. Алар бири-бирине, окуучулар күндө мектепке ошол кооптуу жардын түбүнөн өтүшөт.
"Буга чейин ӨКМ биздеги жер көчкү түшүү коркунучу бар жерлерди текшерип, ошол жарды өтө кооптуу деп айткан. Ушул жылдын 13-15-март күндөрү аны атып түшүрүү иштери жүргүзүлгөн. Чынында ошол күндөрдө аба ырайы жаан-чачындуу болуп, жумушка тоскоолдук жараткан. Атып түшүрүү аракеттери толук ишке ашпай, жарака мурдагыдан чоңойгон калыпта турат. Күн сайын балдарыбыз мектепке барганда, деги эле күнүбүз коркунуч менен өтүп калды. ӨКМ баштаган ишин аягына чыгарып койсо жакшы болот эле", - деп жазды окурман.
Ошол эле учурда ал айылдагы айрым үй-бүлөлөргө көчүп кетүү боюнча эскертүүлөр берилип, ссуда тапшырылганын айтты. Анткени менен ссуда алгандардын баары эле көчүп кетүүнү туура көрбөйт.
"Ата-бабасы 60-70 жыл жашап кеткен айылды таштап чыгып кетүүнүн өзү оңой эмес. Ссуда менен жер тилкени айылдыктардын баары алган эмес. Ссуда алгандар көчүп кеткен күндө деле башкалар ошол жол аркылуу каттоого аргасыз. Бул жердеги негизги маселе - жердин жарака кеткен жерин биротоло түшүрүп беришин гана өтүнөбүз", - деп билдирди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.