Орусиянын Москва облусунда орун алган катуу бороондон 2 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-апрелде Москва шаарында катуу шамал, нөшөрлөп жааган жаан күтүүсүздөн башталган.
"Бир заматта эле катуу шамал башталып кетти. Мен токтоп эле кол чатырымды жабуу аракетин көрдүм. Ошол учурда таштанды салынган конструкция учуп барып үч кызды кошо түртүп кетти. Кадимкидей эле аларды шамалдын багыты менен сүйрөп кетти", - деген күбөлөрдүн бири.
Кыздардын бири 12 жаштагы окуучу оор абалда ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калган. Шаар бийлиги анын өлүмүнүн себеби аныктала турганын айткан. Жаратылыш кырсыгынан көз жумгандардын бири 36 жаштагы эркек киши болгон. Москва облусундагы Мытищи шаарында жолдон өтүп бара жаткан адамга курулуш үчүн пайдаланылган вагон кулап түшүп, ал жеринен көз жумган. Ошондой эле түрдүү жаракат алгандардын саны 20дан ашкан, арасында 3 айлык ымыркай да бар.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалар шамал учурунда 600 дарак кулаганын жазды. 30дан ашык үйдүн чатыры учуп кеткен. 92 унаага түрдүү зыяндар келтирилген.
Кырсыктан кийин бир катар райондор электр жарыгысыз калышкан. Мындан тышкары аэропорттун да иши үзгүлтүккө учурап, коно турган жана уча турган ондогон рейстер которулуп же убактысы жылдырылган.