Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Выборгск райондук соту 2 Кыргыз жаранын террорчулукка айыптап, камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кармалгандар Сирияга барып "Жебхат ан-Нусра" террордук тобуна кошулууну максат кылышканы аныкталган. Алар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, 21 жаштагы Маруфжон Исаков жана 20 жаштагы Камолиддин Азимжанов экени айтылат.
Иликтөө иштеринде бул адамдардын Орусияда туруктуу жашаган жери жоктугу жана убактылуу каттоосунун да убагы өтүп кеткени аныкталган.
Кармалган жарандардын иши боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги учурда тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.