Прокурордун унаасын жардырууга айыпталып жаткан адам 21 жылга эркинен ажыратылды

Башкы прокуратуранын кызматкеринин унаасын жардырууга шектелген адам 21 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкери Эркин Курманалиевдин унаасын жардырган деп айыпталып кармалган 38 жаштагы А.Т. аттуу адамдын ишин 20-апрелде Октябрь райондук соту карап, өкүм чыгарган. Ага ылайык, анын мүлкү конфискацияланып, 21 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.

Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 29-июль күнү эртең менен саат 08:45тер чамасында Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында болгон. Анда Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкери Эркин Курманалиев унаасынын эшигин ачкан кезде жарылуу болгон. Анын кесепетинен унаа ээси оң көзүнөн жана сол колунан жабыркаган. Кылмышка шектүү катары 38 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kyzburak87
2018-04-23 10:57:40
Кана ушинтип эле закон баарына бирдей иштесе. Бат эле таап жазасын берип коюптур куноолууго? Башкалар Адам олтурсо да мынчалык жазалабайсынар педофилге бер мындай жазаны?
+3
Sweetdream
2018-04-23 11:16:29
Адам олтургондорду да 21 жылга эркинен ажыратышрайт го...
+3
kyzburak87
2018-04-23 11:26:03
Sweetdream,буларга закон кучтуу иштейт да , дагы жакшы женил жаракат алыптыр олгондо олмок да жаны закон ойлоп чыкмак
+4
Arsenal93.
2018-04-23 12:56:15
Sweetdream,прокурор кызматкери бир козунон жана бир колунан ажырады майып болуп калды.жумушунда да иштей албайт.жана бул нерсе жумушуна тиешеси жок жеке мамилери боюнча пикир келишпестиктер
0
Zidan1
2018-04-23 15:09:05
Arsenal93.,рас кылат мен болгондо башкача кылмакмын
0
nursultan.mamatkalyk
2018-04-23 11:26:08
Прокуратурага зыяан келсе сразу эле камайсынар а эми алар кунолуу болсо
+4
Kenenbay1
2018-04-23 11:27:17
Бул прокурорду жардырып жатпайбы, ошон учун мыйзам так аткарылып жатат. Катардагы карапайым адам жардырууга дуушар болгондо жардырган адам 5-6 жыл менен кутулуп кетмек.
+2
RNA78
2018-04-23 11:29:15
Өздөрүнө келгенде прокурорлор тим эле мыйзам менен иштеп калат
+2
kyzburak87
2018-04-23 11:30:22
RNA78,мыйзам мн иштесе кана жаны мыйзам ойлоп таап аны да бир нече статьялар мн камайт да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан