Бүгүн, 20-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов мэриянын аппаратына Олег Попиковду вице-мэрдин милдетин аткаруучу катары тааныштырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Олег Попиков шаарды көрктөндүрүү жана “Тазалык”, “Бишкексвет”, “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканаларынын, Жарнама департаментинин, Бишкек шаары боюнча ӨКМнын башкармалыгынын, Ритуалдык кызмат агенттигинин иштерин жетектемекчи. Ал мурда Октябрь райондук администрациясынын башчысы болуп иштеген.