Кара-Сууда 26 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Кара-Суу районунда жүк ташуучу унаасы менен 26 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

"Окуя 18-апрелде саат 09:00 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Мачак тилкесинде DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жөө адамды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерде Чоң-Алай районунун 1992-жылы туулган тургуну Б.М. каза болгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде Жайыл районунун 45 жаштагы тургуну Т.У. Өзгөн районунда колго түшүрүлдү. Ал Бишкек шаары тарапка качып бара жаткан", - деп билдирет аталган башкармалык.

Учурда тергөө иштери улантылып, тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stervella415
2018-04-23 13:44:44
Омур бою эркинен ажыратылсын...жаш баланын жашлосун алып ананда качып баратканын кара. ..ХХХХХХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан