Алайда окуучу кыз атасынын унаасы менен 5 жашар баланы сүзүп, ал каза болду. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлаган эле. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
"22-апрелде саат 15:00 чамасында Алай районунун Гүлчө айыл аймагында 8-класстын окуучусу Ж.к.У. атасынын Honda Fit унаасын уруксатсыз айдап чыгып, О.Д. аттуу 5 жаштагы баланы сүзгөн. Жабыркаган бала Алай аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча 5 жаштагы баланы сүзгөн өспүрүм кыз атасынын унаасы менен курбусунун үйүнө бара жаткан. Учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалууда.