Ошто 2 жаштагы баланы кичи автобус тебелеп, ал каза болду

Оштун Араван районунда 2 жашар баланы кичи автобус тебелеп, ал каза болду. Бул тууралуу 23-апрелде SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 21-апрель күнү саат 13:00дөр чамасында болгон.

"Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа артты көздөй жылып жатып, 2 жаштагы баланы тебелеп кеткен. Баланы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө айдоочу өзү жеткирген. Тилекке каршы, бала ооруканада 2 сааттан кийин каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
asylbekova
2018-04-23 15:24:21
Ии периште десе...
+4
altyn7776
2018-04-23 15:33:02
Оо Кудай, элибизге ыйман ынсап бере кор... Периште жожонун ата энесине куч кубат бере кор, белин бекем кыла кор... Ал эми биздин энесин да акчага сата турган мамлекеттик регистрация кызматындагы иштеген кызматкерлер аман эле болсун. Россияда жаш балдар Кыргызстандан айдоочулук куболук алдырабыз, акысы 18000 сом болот экен келиши менен деп Молбулактан кредит алып чуркап журушот. Мына чириген коррупционер бийликтин жузу! ХХХХХХХХ
+6
Jasa
2018-04-23 15:44:44
Аландабай 2жакты карабайбы тооба,баланы кое берип ата энеси не кылып журот
-6
Mr.Jack
2018-04-23 16:12:05
Jasa,Кырсык да кырсык тууганым. Кырсык айттырып келбейт дейт. Бироо тебелеп кетейин деп бири тебеленсин деди дейсинби. Жазуу буйрук ошондой болсо кантет.
+7
sinej
2018-04-23 16:17:41
Mr.Jack,
Бизде бир кырсык болуп кетсе же кудайдан коруп отура беребиз, кудайчыл болуп же бироону куноолоп баштайбыз. .
+1
abon
2018-04-24 16:53:58
Jasa,андай кыыска ойлоону кереги жок, тез айдап барса да башка болчу, а бул артка айдап жаткан мезгил, атайылап басайн дебейт. Кырсык бул
0
zhaku2017
2018-04-23 15:51:53
Кырсык каш-кабатын ортосун да.
+3
kalbek87
2018-04-23 15:54:21
Ар бир кырсык бул - эскертуу болуп эсептелет туугандар. Болоор иш болуптур, аны ордуна келтириш кыйын. Бирок, ошол ар бир болгон кырсыктан баарыбыз сабак алышыбыз керек.
0
bayhan
2018-04-23 15:54:57
Эки жаштагы баланы карабай Ата-Энеси каякта жүрөт, байкуш айдоочунун жүрөгү эзилип жатса керек.
+3
ali1995
2018-04-23 16:21:11
Жаш баланын ата энесинин жоопгерчилигин караш керек баарынле машина айдагандарга койобербей
+2
Asyl10
2018-04-23 18:26:35
Ата-энеси 2 жаштагы баланы карабай эмне кылып журушту? Ай иии байкуш наристе, айдоочу да корбой калса керек да, баланын ата-энеси кунолуу жаш бобокту карабаган
0
Lilireinhart18
2018-04-24 09:44:59
Аландап карабайбы дейт да карабай коймок беле карайт кузгудон заднийди эки жакты, бул кичине бала корунбой калат даже тыпырайган кичине Фит же Ист машинадан деле ,ата энеси караш керек болчу, кудай сактасын кырсыктан
0
abon
2018-04-24 16:51:39
эх ичим ооруду, жаш баланын ата энесине сабр, а тергоочулорго инсап берсин кудайым, ал айдоочу атайылап тебелейм дебейт, чон машинанын "слепая зона"сы да чон болот, корбой калган, ушундай болуусу жазылган экен болуптур, Аллах ОЗУ ар кандай кырсыктардан сактасын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан