Учурда Баткен-Ош жолу ачык экендигин облустун өкмөттөгү өкүлүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирди. Айтымында, учурда митингчилер менен өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңишбек Разаков сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. “Бул окуя боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын жыйынтыгы чыкса тиешелүү чаралар көрүлөт”,- деди Бердишев. Эске сала кетсек, Баткен облусунун тургундары өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып салганы үчүн митингге чыгышып, Баткен-Ош жолун тосуп алганын депутаттар айтып чыгышкан.