Өкмөт бюджеттик мекемелерди суу үчүн акы төлөөдөн бошоткону жатат

Бюджеттик мекемелер суу үчүн акы төлөөдөн бошотулушу мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда 1-окууда каралды.

Аталган маселе боюнча айыл чарба министри Нурбек Мурашев баяндама жасады.

Мурашев өз баяндамасында: "Өлкөбүздө суу товар катары эсептелинип, аны пайдалануудан акы алуу көрсөтүлгөн. Бирок суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалануудан акы алуунун тартиби жана жеңилдиктер аныкталган эмес. Ошондуктан өлкөбүздүн социалдык абалын эске алып, жаратылыш коруктарын, ботаникалык сейил бактар, бюджеттен каржыланган мекемелерди суу пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотуу сунушталып жатат. Анткени сууну товар катары сатуу үчүн алгач мамлекеттик мекемелерди мыйзам аркылуу бошотуп алуу зарылчылыгы пайда болду. Анткени бул механизм бизде биринчи жолу иштелип чыгууда. Бул мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин башка мыйзам долбоорун киргизип, коммерциялык ишканаларга суу үчүн акы төлөөгө милдеттендиребиз", - деп түшүндүрдү.

Ал эми Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Абабакир Койлубаев бюджеттик мекемелерге жеңилдик берүү зыянга учуратпай турганын кошумчалады. Анын белгилешинче, жеңилдиктердин ордун сууну коммерциялык багытта пайдалануучулардын төлөгөн каражаты толуктап турмакчы. "Жеңилдик берүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору ишке ашкандан кийин сууну коммерциялык багытта пайдалануу боюнча мыйзам долбоорун сунуштайбыз. Анда сууну коммерциялык багытта пайдалануучулардын ар бири алдын ала канча көлөмдө суу керектиги боюнча Айыл чарба министрлигине билдирүү жиберет. Ал эми анын баасын өкмөт аныктайт", - деди Койлубаев.

Комитет төрагасы Айтмамат Назаров суу пайдалануудагы чек кантип аныкталарын, ал ким тарабынан коюлары боюнча долбоордо конкреттүү ченем жоктугун, төлөмдөрдөн бошотулган жактарды дагы тактоо зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлер мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо эске алынмай болду. Соңунда мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан