Токмокто 38 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип 2 жаран кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарындагы батирден эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

"17-апрель күнү Токмок шаарындагы батирлердин биринен киши колдуу болуп каза болгон 38 жаштагы А.С. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Бул боюнча Токмок РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факт боюнча окуядан көп өтпөй ыкчам тергөө тобу шектүү катары Токмок шаарынан 28 жаштагы К.А. жана Т.И. аттуу жергиликтүү тургундарын кармашкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Маркум менен шектүүлөр окуя болгон күнү батирде бирге спирт ичимдиктерин ичишкенин кошумчалайт басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан