Кыргыз өлкөсүндө издөөдө жүргөн жарандар Орусиянын аймагынан кармалды
Адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип Кыргыз өлкөсүндө издөөдө жүргөн жарандар Орусиянын аймагында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы Т.Б. аттуу жараны Москва шаарында кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмүндө (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандагы үчүн Жалал-Абад ШИИБи тарабынан издөөгө алынган. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле Орусиянын Ленинград облусунан Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун 25 жаштагы М.у.Т. аттуу тургуну кармалган. Ага 2017-жылдын декабрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесинин (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, Жайыл РИИБи тарабынан издөө салынган.
Учурда кармалган жарандарды өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.