Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев Баткен облусунун Айдаркен чек ара отрядынын “Марказ” чек ара тозотундагы жаңжал чыккан жерге кетти. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады. Учурда Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүүдө. Эске салсак, бүгүн түнү аталган чек ара тозотунда Өзбекстандын чек арачылары менен Баткен облусунун Сарыбай айылынын тургунунун ортосунда чыккан чырдан кыргыз жаранына ок тийип, каза болгон. Мындан улам, Баткен облусунун тургундары өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып салганы үчүн митингге чыгышып, Ош-Баткен жолун тосушкан. Учурда жол ачылганы белгилүү болду.