ЖЫЛНААМА, 24-АПРЕЛЬ: "Туулган күнүмө неберелерим короодогу каакымдан терип беришти" дейт куудул Назира Жетигенова

Бүгүн куудул, алып баруучу Назира Жетигенова 44 жашка толду. Назира айымды SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Негизи туулган күнүм паспортумда 20-апрель деп жазылган. Бирок кичине кезимден бери эле 24-апрелде белгилеп келем. Башкалар туулган күнү болсо "карый түштүм" деп кейисе, мен тескерисинче кубанам. Жыл сайын туулган күнүмдү жакындарым менен белгилегенге мүмкүнчүлүк болуп жатат. Бул ирет өзүмө-өзүм белек жасап "20 жыл сахнада" деген концертимди берейин деп турам. Концерттен кийин жакын санаалаштарым менен кече уюштурабыз. Ал эми неберелерим эртең менен короодогу каакымдарды терип келип куттукташты. Оригиналдуу белек ошол болду. Ошондой эле апамдын мени жарык дүйнөгө алып келгенинин өзү оригиналдуу белек. Кудай буюрса, 80 жашка чейин жашасам деген тилегим бар", - дейт ал.

"Мен жазында төрөлгөндүктөн ушул мезгилди абдан жакшы көрөм" деген куудул Назира Жетигенова 1974-жылы 24-апрелде Талас шаарында төрөлгөн. 8-классты аяктагандан кийин медициналык орто окуу жайга тапшырып, бирок аягына чыккан эмес. Кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык бий студиясында окуган.

Биринчи жолу 2000-жылы Спорт Ордосунда өткөн концертте куудул Анвар Асанакунов менен чоң сахнага чыккан. Назира Жетигенова куудулдук өнөрдүн аркасы менен “Нукура кыргыз” телефестивалында 4-орунду, “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” сынагында 1-орунду, Казакстанда өткөн Орто Азия элдеринин “Күлкү жарманкеси” фестивалында 1-орун­ду алган.

2015-жылдан тартып "Салам, Кыргызстан!" теледолбоорунда алып баруучу болуп иштейт. Мындан тышкары ырчы Дайыр Исмадияров менен "Жеңеке" аттуу дуэт аткарган.

"Мен эрте турмушка чыккам. 16 жаш 10 айымда эле күйөөгө чыгып алып, 4 жыл гана жашадым. Азыр улуу кызым турмушка чыгып, 3 балалуу болуп калды. Күйөө балам, неберелерим жана апам менен чогуу жашайбыз. Үйдү ата-энем тургузушуп, мага белек кылышкан. Анан чоң үйдө жалгыз жашамак белем? Ал эми кичүү кызым окуусун аяктап жатат. Аябай жакшы ырдайт, сахнага чыгам деп жүрчү. Болочок күйөө балам ырчы болуусуна каршы окшойт, кызым "окуумду аяктасам, иштейм" деп калыптыр", - дейт кыздары тууралуу.

24-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2018-04-24 12:25:30
Туулган кунунуз менен Назира эже!Уй-було,жакындарыныз менен аман,ден-соолукта болунуз,онорунуз оркундой берсин,анан бир жакшыы жездеге жолугуп бактылуу айым болунуз!
Небере небере менен(аман болушсун) бирок сиз али жашсыз,озунунуздун жеке жашоонуз башка,аял затына аялдык бакыт керек,озунуздун жан-шеригинизди таап бактылуу болушунузду чын-журоктон каалайбыз...
+1
TazaKyrgyz
2018-04-24 18:31:11
Назира туулган кунун менен! Ден соолук,узун омур каалайбыз! Балдарындын сый урматын кор и апанды сыйла.Сени жакшы коробуз бар бол!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан