Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен чыккан өрттөн 6 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат саат 23:20лар чамасында түшкөн. Анда 12 кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы 2 батир өрттөнгөн. Анын натыйжасында 6 адам жаракат алган.
"Өрттүн кесепетинен 6 адам жаракат алып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Алар: 2001-жылы туулган У Р., 1999-жылы туулган У.А., 1988-жылы туулган А.М., 1996-жылы туулган А.Г. жана 1937-жылы туулган Р.К. аттуу жарандар. Ошондой эле учурда ооруканага жаткырылган дагы бир аялдын аты-жөнү такталып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Ош шаарындагы көп кабатуу үйлөрдүн бириндеги батир өрттөнүп, 4 адам жаракат алганы, алардын бири 4-кабаттан секирип кеткени кабарланган болчу.